Депутат: "Мектептерди интернет менен камсыздап жатасыңар, ошол мектептерде компьютерлер барбы?"

"Мектептерге интернет орнотуп жатасыңар, бирок ал жакта компьютер барбы же жокпу кызыккан жоксуңар", - деп бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешев билдирди.

"2018-жылы мектептерге канча компьютер берилди? Бул жылы канча компьютер берилет? Биз мектептерге интернет киргизилип жатканы тууралуу айтып жатабыз, ал эми ошол мектептерде компьютер барбы?", - деди депутат.

Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев: "Бардык мектептер интернетке кошулган. Учурда тоолуу аймактарда жайгашкан 35 мектепте гана интернет тартыла элек", - деди.

Бирок депутаттын суроосуна жооп берген жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан