2018-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 135 миллиард 504 миллион сомго жетти же ал планга карата 95,7 пайызга аткарылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, 2018-жылы Кыргыз өлкөсүнүн ички дүӊ өнүмүнүн өсүшү 3,5 пайыз деӊгээлинде болуп, экономиканын анык өсүшү дагы 3,5 пайызды түзгөн. Ал эми жыл жыйынтыгы боюнча керектөөчү баалардын индекси мурдагы жылдын декабрына карата 0,5 пайызды түзгөн.
"Отчёттук мезгил аралыгында республикалык бюджеттин салык кирешелеринин көлөмү 103 миллиард 736 миллион сомду түздү же планга карата 96,1 пайызга аткарылды. Ал эми салыктык эмес кирешелер 22 миллиард 551 миллион сомду түзгөн же ал планга карата 98,9 пайызга аткарылды.
Андан тышкары, республикалык бюджеттин жыйынды чыгымдары 122 миллиард 140 миллион сомду түзгөнү же ал планга карата 95,2 пайызга аткарылганы белгилүү болду. Ал эми мамлекеттик бюджет 6 миллиард 188 миллион сом тартыштык менен аткарылган, анын ичинде республикалык бюджет – 6 миллиард 453 миллион сом, жергиликтүү бюджет – 264 миллион сом профицит", - деп айтылат маалыматта.
Жогорку Кеңеште 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.