Депутат Кенжебек Бокоев айыл өкмөттөрдөгү клуб башчыларынын, техникалык персоналдардын айлык маянасын жогорулатуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутат өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевден айыл өкмөттөрдөгү клуб башчыларынын, техникалык персоналдардын айлык маянасын жогорулатуу боюнча кандай иштер жүрүп жатканын сурады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта аракеттер көрүлөрүн, ошол эле маалда айыл өкмөт башчылары өзүнүн аппаратын кармоо жаатында иш-чараларды көрүү керектигин белгиледи.