КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Тышкы иштер министрлигинин кандайдыр бир демилгени көтөргөнүн дагы деле көргөн жокпуз". КҮНСОБОЛ

11-ноябрда Стамбул шаарында Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Кийин ал Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгып, бирок унаасы кандайча Саймаити өлтүрүлгөн жайда болуп калганын түшүндүрүп бере албагандыгы маалым болду.

Бир жыл мурун Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги бир топ кемчиликтерди ачык айткан. Ал элчиликке тиешеси жок адамдарга дипломатиялык автономерлер берилип кеткен фактылар тууралуу билдирген.

SUPER.KG порталы "Кылычбек Султан ТИМдин ишиндеги кемчиликтерди бир жыл мурда айтып чыккан. Саймаитинин окуясында ал маселе бар экени далилденди. Тышкы иштер министрлиги тазаланышы үчүн дагы кандай окуялар орун алышы керек?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукуловдун айтымында, тышкы саясат бул ички саясаттын уландысы болуп эсептелет. "Эгерде Кыргыз мамлекетинин ичинде коррупция жогорку деңгээлде болсо, анда Тышкы иштер министрлигинин системинде дагы коррупция болгону бул күтүлгөн эле нерсе. Өзгөчө ошол консулдук кызматта виза берүү, элчиликтерде кызматтык унааларды бөлүштүрүү сыяктуу көптөгөн коррупциялык фактылар болуп келген, азыр деле ошондой болууда. Тышкы иштер министрлиги бүгүнкү күнгө чейин дүйнөлүк деңгээлди айтпай эле коёлу, аймактык деңгээлде кандайдыр бир демилгени көтөргөнүн биз дагы деле көргөн жокпуз. Баягыдай эле президенттин кыла турган ишмердүүлүгүнүн протоколдук кызматын аткарып жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан ал жерде сөзсүз түрдө реформа керек.

Биздин өкүлчүлүктөрдө оптималдаштыруу аракетин жумшаш керек. Анткени кээ бир жерлерде биз үчүн анча приоритеттүү эмес өлкөлөрдө элчиликтер бар. Керектүү жерлерде элчиликте консулдук бөлүмдөр аз болуп жатат. Мисалы Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Ооганстан, Тажикстандын кээ бир шаарларында консулдук бөлүмдөр жок болууда. Коңшу мамлекеттерде өкүлчүлүктөрдү кеңейтүү керек", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан