УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов: "ТИМге тартипти орнотолу десе, ал жакка тандалган, өлкөнү уят кылбай турган адистер дайындалмак". КҮНСОБОЛ

11-ноябрда Стамбул шаарында Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Кийин ал Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгып, бирок унаасы кандайча Саймаити өлтүрүлгөн жайда болуп калганын түшүндүрүп бере албагандыгы маалым болду.

Бир жыл мурун Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги бир топ кемчиликтерди ачык айткан. Ал элчиликке тиешеси жок адамдарга дипломатиялык автономерлер берилип кеткен фактылар тууралуу билдирген.

SUPER.KG порталы "Кылычбек Султан ТИМдин ишиндеги кемчиликтерди бир жыл мурда айтып чыккан. Саймаитинин окуясында ал маселе бар экени далилденди. Тышкы иштер министрлиги тазаланышы үчүн дагы кандай окуялар орун алышы керек?" деген собол салды.

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов учурда консулдардын тажрыйбасына жана башка сапаттарына эч кандай маани берилбей калганына токтолду.

"Тышкы иштер министрлиги биздин өкмөткө караштуу, өкмөттү болсо Жогорку Кеңештеги фракциялар тейлейт. Азыркы өкмөттү түзгөн коалиция ичиндеги министрликтердин баарын устукандай кылып бөлүшүп алган. Тышкы иштер министрлиги кайсы фракцияга тиешелүү, КСДПга тиешелүү болсо керек.

Демек, биздин Тышкы иштер министрлиги КСДП жана бүт коалициянын карамагында болгондон кийин, ошолордогу партиялардын көзөмөлүндө. Эгерде ошол партиялар ТИМге тартипти орнотолу десе, бардык кадрдык саясатты колуна алып туруп, ал жакка тандалган өздөрү ишенген, Кыргыз өлкөсүн уят кылбай турган адистерди дайындамак. Ал эми бизде элчиликте иштеп жаткан консулдардын тажрыйбасын, алардын саясий көз караштарын, адамдык сапаттарын ким билет? Эч ким билбейт, ал нерсе айтылбайт, эч жерде талкууланбайт. Анын кесепетинен ар кандай адамдар барып калып ушундай көрүнүштөр орун алууда", - дейт Мамытканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан