11-ноябрда Стамбул шаарында Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Кийин ал Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгып, бирок унаасы кандайча Саймаити өлтүрүлгөн жайда болуп калганын түшүндүрүп бере албагандыгы маалым болду.
Бир жыл мурун Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги бир топ кемчиликтерди ачык айткан. Ал элчиликке тиешеси жок адамдарга дипломатиялык автономерлер берилип кеткен фактылар тууралуу билдирген.
SUPER.KG порталы "Кылычбек Султан ТИМдин ишиндеги кемчиликтерди бир жыл мурда айтып чыккан. Саймаитинин окуясында ал маселе бар экени далилденди. Тышкы иштер министрлиги тазаланышы үчүн дагы кандай окуялар орун алышы керек?" деген собол салды.
Экс-депутат Асия Сасыкбаева бул маселе көп жылдан бери келе жатканын баса белгиледи. "Маселенин баары кадрдык баш аламандыктын айынан болууда. Себеби бири келип, бири кетип кадрлардын кесибине, деңгээлине, билимине карабай туруп, тааныш-билиш болуп кызматка дайындалып калууда. Мындай айтканда, саясатчылардын көбү кызмат “карыз” болуп калып, өзүнүн тууганын, бирөөнүн туугандарын коюп, ал нерсе жыйынтыгында кадрдык баш аламандыкка алып келүүдө.
Негизи бул нерсе көп жылдан бери болуп келе жаткан көйгөй, анын үстүнө бул элчиликке же консулдукка байланыштуу биринчи окуя эмес. Анын баарын тазалоо, иретке келтирүү үчүн узак убакыт керектелет, андагы көйгөйлөр бир күндө чечилбейт. Тилекке каршы, мунун кесепетинин баары учурда жакшы иштеп келе жаткан министрге тийүүдө. Анын үстүнө, азыркы тышкы иштер министрине бул катачылыктарды оңдоп-түзөөгө жетиштүү убакыт болгон жок. Консулду иштен алып койгону туура, бирок бул окуя боюнча тыкыр изилдөө керек.
Кептин ачыгы элчилик, консулдуктар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жетиштүү иш алып бара албай жатышат. Карап көрсөк, эч кандай инвестиция жок, же мигранттарга жардам көрсөтүү боюнча көрүнүктүү иш болгон жок. Чет жакка чыккан мигранттардын көбү элчиликтер тарабынан жетиштүү жардам ала албай жатканын байма-бай жазып келгени буга далил", - деди экс-депутат.