11-ноябрда Стамбул шаарында Айэркен Саймаити киши колдуу каза болгон. Окуя болгон жерде Range Rover үлгүсүндөгү 34 CC 2902 консулдук номерлүү унаа болгон. Кийин ал Кыргыз өлкөсүнүн Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык болуп чыгып, бирок унаасы кандайча Саймаити өлтүрүлгөн жайда болуп калганын түшүндүрүп бере албагандыгы маалым болду.
Бир жыл мурун Кылычбек Султан Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси болуп турганда Тышкы иштер министрлигинин ишиндеги бир топ кемчиликтерди ачык айткан. Ал элчиликке тиешеси жок адамдарга дипломатиялык автономерлер берилип кеткен фактылар тууралуу билдирген.
SUPER.KG порталы "Кылычбек Султан ТИМдин ишиндеги кемчиликтерди бир жыл мурда айтып чыккан. Саймаитинин окуясында ал маселе бар экени далилденди. Тышкы иштер министрлиги тазаланышы үчүн дагы кандай окуялар орун алышы керек?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул окуя ТИМге канчалык тиешеси бар экенин билбей турганын айтты. "Тышкы иштер министрлигинин канчалык катыштыгы бар экенин билбейм, эч кандай далилим жок. Интернет булактарынан Айэркен Саймаити дипломатиялык номуру бар унаа менен жүргөнүн окудум. Чынында эле, ал адам дипломатиялык паспорт, дипломатиялык номуру бар унаа менен жүргөн болсо, анда бул жооп бере турчу нерсе. Тышкы иштер министрлиги, айрыкча министрликтин тиешелүү кызматы эмне себептен жөнөкөй жаранга дипломатиялык номур бергенин изилдеп, аныктоо зарыл. Андан соң тиешеси барлар мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек", - дейт депутат.