Былтыр коррупцияга каршы күрөшүү органдарынын 50дөн ашык кызматкерине кылмыш иштери ачылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда жыйында "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов билдирди.
"Эң өкүнүчтүүсү коррупцияга каршы күрөшүү органдарынын 50дөн ашык кызматкерине кылмыш иштери козголуп соттун өкүмү чыкты. 2018-жылы мамлекетке келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 3 миллиард 490 миллион сомго жетти. Анын ичинен 183 миллион 890 миң сом мамлекетке кайтарылып берилди. 2019-жылдын биринчи кварталында анын суммасы 5 миллиард 981 миллион сомду түздү.
Коррупция менен болгон күрөш жана аны алдын алуу боюнча жетиштүү түрдө иш аткарылбай жатат деп айта алам. Буга транспорт министринин орун басары, токой чарбалыгынын жетекчиси пара менен кармалганы далил", - деди Турускулов.