Депутат Турускулов: "Коррупциялашкан кызматтардын сап башында Бажы кызматы турат"

"Коррупциялашкан кызматтардын сап башында Бажы кызматы турат" деп бүгүн, 15-ноябрда жыйында "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов билдирди.

"Улуттук статистика комитетинин берген маалыматына ылайык, эң коррупциялашкан мамлекеттик мекеме болуп биринчи орунда мамлекеттик бажы кызматы, экинчи орунда саламаттыкты сактоо министрлиги, үчүнчү орунда жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, төртүнчү орунда ИИМ жана бешинчи орунда Финполиция турат.

Мындан сырткары, калктын ишеним индекси боюнча 2018-жылдын жарым жылдыгы менен 2019-жылдын жарым жылдыгынын жыйынтыгы бар. Ага ылайык, ИИМге 2018-жылы калктын 12,8 пайызы ишеним көрсөткөн болсо, ал эми 2019-жылы анын көрсөткүчү 15,1 пайызды түзүүдө. Бул калктын ишеними өскөнүнөн кабар берет, бул жакшы көрүнүш. Салык кызматы былтыр 22,1 пайызды түзсө, учурда 22,9 пайызды түзүүдө. Бажы кызматы 2018-жылы 7,9 пайыз учурда 5,9 пайызды түзүүдө. Ал эми сот тармагындагы тилекке каршы, коррупциялык абал начар бойдон калууда. Бардык бийлик бутактарында коррупция менен аёосуз күрөшүү керек", - деди Турускулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан