"Айлыгы аз болсо, үй-жайы жок болсо анан ИИМге ким барат?", - деп бүгүн, 15-ноябрда "Республика - Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Руслан Казакбаев суроо салды.
"Ички иштер министрлигинде учурда 700дөй вакансия бар. Эмне себептен ал жакка кызматкерлер барбай жатат? Жаман эле жаман дей берсек, анан ким барат? Үйү жок болсо, айлыгы орточо 12 миң сом болсо, ал кантип жашап, алар кантип өлкөнүн коопсуздугун сактайт?
Ички иштер министрлигинде 2 миңдей кызматкердин үй-жайы жок экенин буга чейин жыйында ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков да билдирген. Орто айлыктары 12-14 миң сом, анан бул кызматка жаңы келген кыздар, жаш жигиттер кантип жашашы керек? Менимче, бул маселени жөн калтырбастан көңүл буруп, колдоо көрсөтүү керек", - деди Казакбаев.