Жыл башынан бери мыйзамсыз 36 паспорт берилгени боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда "Республика - Ата Журт" фракциясынын жыйынында Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.
Анын айтымында, учурда бул фактылар боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлерине карата кылмыш иши ачылып, иш соттук өндүрүшкө алынган.
"Жыл сайын биз 20-30 жасалма паспорт аныктайбыз. Биздин өлкөдө жасалган айдоочулук күбөлүктөрдү оңой эле жасап, кийин аны Орусияда саткан учурлар көп", - деди Каниметов.