Саясатчы Азимбек Бекназаров 24-ноябрда эски аянтта элдик талкуу өткөрбөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда "Элдик курултай" кыймылынын өкүлү Айбек Мырза билдирди.
"24-ноябрда референдум дайындоо мыйзамын Жогорку Кеңешке киргизген демилгечи топ Бишкек шаарындагы эски аянтта элдик угуу өткөрүүнү жарыялаган. Курултайдын чечимдерин аткаруу комитетинин расмий бийлик менен сүйлөшүү боюнча өкүлү Турсунбек Акундун билдирүүсүнө караганда, элдик демилге менен киргизген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттеринде карала баштаган. Ошого байланыштуу ачык асман алдында элдик угуунун зарылдыгы жоюлду", - деп жазылат маалыматта.