Чет элдик президенттер Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен телеграмма аркылуу куттукташууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков 61 жашка толду.
Жээнбековду алгачкылардан болуп Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктады. Ал Жээнбековго чын ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев: "Сиздин акылман жетекчилигиңиз астында Кыргыз мамлекетинин туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана калктын бакубаттуулугун арттыруу боюнча маанилүү социалдык-экономикалык жетишкендиктерди ийгиликтүү ишке ашып жатат", - дейт.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Кыргыз-Өзбек ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө бекем ишенимин билдирип, Жээнбековго бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубаттык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон: "Сиздин алдыга койгон максаттарга жетүүгө умтулгандыгыңыз Кыргыз мамлекетинин гүлдөп өнүгүүсүнө мындан ары дагы кызмат кылат деп ишенем", - деди.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Жээнбековго чын ден соолук жана бардык ишинде ийгиликтерди каалады.
Беларусь президенти Александр Лукашенко: "Сиздин аракетиңиз, акылман жана салмактуу саясатыңыз аркылуу Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө эл аралык аренада өз позициясын жана кадыр-баркын бекемдеп, динамикалуу түрдө өнүгүп келе жатат", - дейт.