Премьер-министр Чүй облусундагы мектептердин курулушу менен таанышты

"Өлкөдө билим берүү мекемелерине муктаждык болуп турганда, узакка курулуп жаткан курулуштар менен көйгөй болбошу керек" деп премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусундагы мектептердин курулушу менен таанышуу учурунда тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Военно-Антоновка айылындагы жаңы мектептин курулушу 2012-жылы башталган. "Бирок иш азыркыга чейин бүтө элек. Ошол эле учурда курулуш иштери үчүн зарыл каражаттар жалданма компанияга өз учурунда бөлүнүп берилген. Ал гана эмес, курулуш учурунда чечүү үчүн кошумча каржылоону талап кылган башка маселелер да келип чыккан", - деп жазылат маалыматта.

Ушундай эле жагдай Беловодское айылындагы 750 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектепти салууда да түзүлүп, ал 4 жылдан ашуун убакытка созулган.

"Биз мурдагы системден четтеп, узак жүрүп жаткан курулуштардын маселесин жоюшубуз керек. Өлкөнүн бардык аймактарында балдарга билим алууну камсыздоо үчүн мамлекеттин ресурстарын туура жана рационалдуу пайдалануу абзел. Өкмөт жаңы мектептерди салууга жана учурда пайдалануудагыларын оңдоого каражат табып жатат. Биз алдыбызга өтө маанилүү милдетти койдук – өлкөдө бир дагы кыйроо абалдагы мектеп калбашы керек. Бул үчүн бардык күч-аракетибизди бириктирип, жөнгө салынган ишти уюштурууга тийишпиз. Коррупцияга каршы күрөш боюнча эсепке келип түшкөн каражаттардын бир бөлүгү дал ушул мектептерди жана бала бакчаларды курууга жумшалат", – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин өз убагында чара көрбөгөндүгү, жалданма компанияларды тандоодогу шалаакылыгы үчүн сынга алды.

"Жалданма компанияларды тандоо маселесине кыйла жооптуу мамиле кылуу зарыл. Эгерде бир жалданма компания өзүнө жүктөлгөн милдетти аткара албаса, аны "кара тизмеге" киргизгиле. Мамлекет тарабынан каржыланган курулуш объекттерин алышпасын. Курулуштун мөөнөтү башынан белгиленет, мамлекеттик каражаттар өз убагында бөлүнөт, ал эми жыйынтык жок. Натыйжасында миңдеген адамдардын тагдыры көз каранды болгон ишке шалаакы мамиле кылууга болбойт", – деди ал.

Премьер-министр бардык маселелерди ыкчам чечүүнү жана мектепти келерки окуу жылынын башына аяктоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан