Учурда "Капиталдык салымдар" беренеси боюнча 134 мектептин жана 26 бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү жалпы билим берүүчү 2 265 мектепте 1 268 068 окуучу билим алат. Бул мектептердеги ашыкча жүкдү айтып турат. Мисалы, Бишкек шаарында 77 163 окуучуга ылайыкталган 96 мектеп бар. Бирок ички миграциялык агымдын себебинен иш жүзүндө жүк 173 193 окуучуну түзөт. Бул тиешелүү сандан эки эсеге көп.
"Муну менен бирге республика боюнча 198 авариялык абалдагы мектеп бар. Алардын ордуна жаңы билим берүү мекемелерин салуу үчүн 20 миллиард сомго жакын каражат талап кылынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселени чечүү максатын катуу койгон.
Жыл сайын мектепке чейинки курактагы балдардын саны да өсүп жатат. Бүгүнкү күнү расмий маалыматтар боюнча, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине 197 миң бала барат. Алардын ичинде 186 миң бала мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчаларга барышат.
Окуу жашына чейинки балдарды камтууну көбөйтүү максатында жалпы билим берүү уюмдардын имараттарын оптималдаштыруу жүргүзүлүп, 7 358 баланы камтыган кошумча 100 бала бакча ачылды. Ошондой эле 120 кошумча кыска мөөнөттө калуу мекемелери ачылып, 10 000 бала камтылды. Мындан сырткары, 2012-2019-жылдары башка тармактарга пайдаланууга берилип кеткен 224 бала бакчанын имараттары кайтарылып берилгенин белгилеп кетүү кажет. Алардын ичинен 9 имарат 2019-жылы кайтарылды", - деп жазылат маалыматта.
Натыйжада бүгүнкү күндө жалпысынан мектепке чейинки жаштагы балдардын 40,9 пайыз мектепке чейинки билим берүүнүн ар түрдүү программалары менен камтылууда.