Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутаттар отчёт деген сөздү кыргыз тилине которуу керектигин айтышты.
Депутат Исхак Масалиев отчёт деген сөз кыргыз тилине которулушу керектигин айтты. Масалиевдин сөзүн депутат Мыктыбек Абдылдаев колдоду. "Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына комиссия деген сөздү кыргызчага которбойсуңарбы деп айтып жатам. Алар комиссия деген сөздү которо албай жатышат. Аталган комиссияга өзүңөрдүн мекемеңердин аталышын кыргыз тилине которгула деп айтуу керек", - дейт Абдылдаев.