Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны башка күнгө жылдырылды.
Маалыматка ылайык, жыйындын күн тартибине коюлган маселелер боюнча баяндамачылар бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан форумга катышып жатышат. Ал эми вице-премьер-министр Жеңиш Разаков учурда Орусияда иш сапары менен жүрөт. Мындан улам жыйын 26-ноябрга жылдырылды.
Жыйында 3 маселе каралмак. "Сот арачылар сотун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маселе талкууланмак