Бүгүн, 19-ноябрда парламент комитетинде Жогорку Кеӊештин көзөмөл функцияларын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.
Маалыматка ылайык, премьер-министрдин, башкы прокурордун, Улуттук банктын жана Эсептөө палатасынын төрагаларынын отчётторуна парламент "канааттандырарлык" же "канааттандырарлык эмес" деген баа берүүсү боюнча ченем киргизилүүдө. Демилгечи Кенжебек Бокоев билдиргендей, эгерде парламент алардын ишмердүүлүгүн "канааттандырарлык эмес" деп тапса, парламент тарабынан өкмөткө ишеним көрсөтпөө жана Башкы прокурордун, Улуттук банк менен Эсептөө палатасынын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынат.
Депутат Исхак Масалиев Кыргызстан парламенттик демократия жолунда өнүгүп жаткандыгына токтолуп, мыйзам долбоорун колдоого алды.
Эл өкүлү Канат Керезбеков Башкы прокуратура, Эсептөө палатасы, өзгөчө Улуттук банк өзгөчө макамга ээ экендигин белгилеп, андыктан аталган мамлекеттик органдарда туруктуулук принциби сакталышы керектигин билдирди.
Талкуу жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет "Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору колдоого алган жок.