Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" аттуу өнүгүү форуму өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл экенин айтты. 345 айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 450 миллион доллар донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталганын билдирди. Мамлекет башчы эл аралык институттарды, чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле Жээнбеков "Манас" аэропортунун жана анын тутумуна кирген аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция талап кылынарын белгиледи.
SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсүнө эмне үчүн ири инвесторлор келбей жатат?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдун айтымында, жакын арада ири инвесторлордун келиши күмөн деген пикирде.
"Жайында Солтон-Сарыда орун алган чуу ири инвесторлорду коркутуп койду. Инвестиция тынчтыкты сүйөт. Кошуна өлкөлөрдө бизнестер толтура. Инвесторлор тынчтык орнотулбаган жерге келбейт. Бизде салык тарифи төмөн, электр энергиясына болгон баа арзан. Ошого карабастан жакында ири инвесторлордун келиши күмөн", - дейт Токтошев.