Экономист Кубан Чороев: "Кыргыз мамлекетине чоң корпорацияларды тартсак, башка инвесторлор да келмек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" аттуу өнүгүү форуму өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл экенин айтты. 345 айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 450 миллион доллар донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталганын билдирди. Мамлекет башчы эл аралык институттарды, чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле Жээнбеков "Манас" аэропортунун жана анын тутумуна кирген аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция талап кылынарын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсүнө эмне үчүн ири инвесторлор келбей жатат?" деген собол салды.

Экономист Кубан Чороев Кыргыз мамлекети чоң корпорацияларды тартуу керектигин айтты. "27 жылдан бери биз Кыргыз мамлекетине келген ири инвесторлорду, чоң корпорацияларды тарткан жокпуз. Жок дегенде бир-эки чоң корпорацияны тартсак, башка инвесторлор да келмек. Ар бир чоң инвестор Кыргыз мамлекети кайсы белгилүү компаниялар менен иштешет деп издешет да. Алар Кыргыз өлкөсүндө инвестициялык климат канчалык деңгээлде жакшы экенин окуп чыгышат. Бизде көбүнчө тоо кен тармагына келе турган инвестицияларга элдин мамилеси жакшы эмес. Бул дагы тоо кен тармагына жакшы инвесторлорду алып келгенге тоскоолдук жаратат. Ошондой эле биздин рынок өтө кичинекей. Элибиздин саны аз. Мында ушундан улам ири инвесторлор келбей жатат", - дейт Чороев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан