Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров: "Ири долбоорлорду ишке ашырууда башынан баштап ийне-жибине чейин текшериш керек". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" аттуу өнүгүү форуму өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл экенин айтты. 345 айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 450 миллион доллар донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталганын билдирди. Мамлекет башчы эл аралык институттарды, чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле Жээнбеков "Манас" аэропортунун жана анын тутумуна кирген аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция талап кылынарын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсүнө эмне үчүн ири инвесторлор келбей жатат?" деген собол салды.

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыровдун айтымында, ири инвесторлордун келбегенинин себеби терс көрүнүштөр болуп калып жатат.

"Кумтөргө" улам эле тоскоолдуктарды түзүп, жапкыла дешип кээ бир жерлерде депутаттар да иштетпегиле деп чыгып жатышат. Ири долбоорлорду ишке ашырууда башынан баштап ийне-жибине чейин текшериш керек. Кайсы мүчүлүштүктөр, көйгөйлөр чыгып калса кантип чечебиз деп, келишим түзүп, кол коюу шарт. Долбоор иштеп баштаганда ага асылбай, тийишпеш керек. Ошондой эле инвесторлор келгенде сот көз карандысыздыгын карайт. Инвестордун келишин кааласак көз карандысыз сот болушу шарт. Коррупция жок болушу зарыл. Ошондо ири инвестициялар келип баштайт", - дейт Абдыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан