КҮНСОБОЛ: Кыргыз өлкөсүнө эмне үчүн ири инвесторлор келбей жатат?

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте "Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү" аттуу өнүгүү форуму өттү. Анда президент Сооронбай Жээнбеков 2024-жылга чейин дагы 552 айылга таза суу жеткирүү маселесин чечүү зарыл экенин айтты. 345 айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 450 миллион доллар донорлор тарабынан каржылоо зарыл экендиги аныкталганын билдирди. Мамлекет башчы эл аралык институттарды, чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырды. Ошондой эле Жээнбеков "Манас" аэропортунун жана анын тутумуна кирген аймактардагы аэропорттордун инфраструктурасын модернизациялоого инвестиция талап кылынарын белгиледи.

SUPER.KG порталы "Кыргыз өлкөсүнө эмне үчүн ири инвесторлор келбей жатат?" деген собол салды.

КАРАШЕВ: "Ири инвесторлор ойдогудай келбей жатат"

Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев инвесторлор келиши үчүн ишенимдүү шарт түзүү керектигин айтты.

"Өкмөт келген сайын инвесторлорго жакшы, ишенимдүү шарт түзүлүшү зарыл деп айтып келебиз. Инвесторлор үчүн бейиштегидей шарт түзүү керек. Тилекке каршы, баары ишке ашпай калып жатат. Инвесторлор келиши үчүн салык, коммуникация жагынан дагы шарт түзүү абзел. Өлкөдө туруктуулук болушу шарт. Ошондо инвесторлор келет деген ой бар. Өкмөт деле аракет кылып жатабыз деп айтышууда. Бирок инвесторлор ойдогудай келбей жатат", - дейт Аалы Карашев.

ТУРСУНБЕКОВ: "Өлкөдө тынчтык болсо, ошого жараша инвестор келет"

Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков ири инвесторлор келиш үчүн чуулар аз болушу керек деген пикирде.

"Албетте, ири инвесторлор келиши үчүн биринчи кезекте, ири долбоорлор керек. Ошондой эле алар Кыргыз мамлекетинде жакшы иштеш үчүн эл аралык коопсуздук боюнча рейтингди карашат. Булар камсыз болгондо инвесторлор коркпой келе беришет. Өлкөдө канчалык тынчтык болсо, ошончолук инвесторлор келет. Акча тынчтыкты сүйөт", - дейт Турсунбеков.

ТОКТОШЕВ: "Солтон-Сарыда орун алган чуу ири инвесторлорду коркутуп койду"

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдун айтымында, жакын арада ири инвесторлордун келиши күмөн деген пикирде.

"Жайында Солтон-Сарыда орун алган чуу ири инвесторлорду коркутуп койду. Инвестиция тынчтыкты сүйөт. Кошуна өлкөлөрдө бизнестер толтура. Инвесторлор тынчтык орнотулбаган жерге келбейт. Бизде салык тарифи төмөн, электр энергиясына болгон баа арзан. Ошого карабастан жакында ири инвесторлордун келиши күмөн", - дейт Токтошев.

ЖЭЭНБЕКОВ: "30 жыл бою үйүлгөн маселелерди чечпей туруп, биз инвесторлорду миң жолу чакырып, миң жолу конференция өткөрсөк да жыйынтык чыкпайт"

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, инвестиция келгенге өкмөт жакшы шарттарды түзүшү керек. "Биз 30 жылдан бери инвестиция тартуу, насыя, донорлордон жардам жөнүндө сөз кылабыз. Бирок буга мамлекетте татыктуу, керектүү шарттарды түзгөн эмеспиз. Биринчи кезекте өкмөт бардык коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргыз мамлекетине инвестиция келгенге жакшы шарттарды түзүү керек. Салык, коопсуздук маселеси каралышы зарыл. Эгемендүү, адилеттүү сот системи болушу шарт.

Бизде татыктуу, билимдүү адамдар болушу керек. Инвесторлор келгенде жумушчу орундарды түзгөндө билимдүү адамдар зарыл. Кыргыз өлкөсү билим деңгээли боюнча дүйнөдө эң артта калган мамлекеттердин катарында турат. Мына ушул маселелерди чечпей туруп, биз инвесторлорду миң жолу чакырып, миң жолу донордук конференция өткөрсөк да жыйынтык чыкпайт", - дейт Равшан Жээнбеков.

ЧОРОЕВ: "Кыргыз мамлекетине чоң корпорацияларды тартсак, башка инвесторлор да келмек"

Экономист Кубан Чороев Кыргыз мамлекети чоң корпорацияларды тартуу керектигин айтты. "27 жылдан бери биз Кыргыз мамлекетине келген ири инвесторлорду, чоң корпорацияларды тарткан жокпуз. Жок дегенде бир-эки чоң корпорацияны тартсак, башка инвесторлор да келмек. Ар бир чоң инвесторлор Кыргыз мамлекети кайсы белгилүү компаниялар иштешет деп издешет да. Алар Кыргыз өлкөсүндө инвестициялык климат канчалык денгээлде жакшы экенин окуп чыгышат. Бизде көбүнчө тоо кен тармагына келе турган инвестицияларга элдин мамилеси жакшы эмес. Бул дагы тоо кен тармагына жакшы инвесторлорду алып келгенге тоскоолдук жаратат. Ошондой эле биздин рынок өтө кичинекей. Элибиздин саны аз. Мында ушундан улам ири инвесторлор келбей жатат", - дейт Чороев.

АБДЫРОВ: "Ири долбоорлорду ишке ашырууда башынан баштап ийне-жибине чейин текшериш керек"

Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыровдун айтымында, ири инвесторлордун келбегенинин себеби терс көрүнүштөр болуп калып жатат.

"Кумтөргө" улам эле тоскоолдуктарды түзүп, жапкыла кээ бир жерлерде депутаттар да иштетпегиле деп чыгып жатышат. Ири долбоорлорду ишке ашырууда башынан баштап ийне-жибине чейин текшериш керек. Кайсы мүчүлүштүктөр, көйгөйлөр чыгып калса кантип чечебиз деп, келишим түзүп, кол коюу шарт. Долбоор иштеп баштаганда ага асылбай, тийишпеш керек. Ошондой эле инвесторлор келгенде сот көз карандысыздыгын карайт. Инвестордун келишин кааласак көз карандысыз сот болушу шарт. Коррупция жок болушу зарыл. Ошондо ири инвестициялар келип баштайт", - дейт Абдыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан