Казакстанда соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу жалпы режимдеги колонияда жазасын өтөйт. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаева Жогорку Сотко сунуштама жөнөткөн. Анда Алматы шаардык соту чыгарган чечимин аткаруу боюнча, бул сунуштама Жогорку Сотто жактырылган.
"Дамирбек Асылбек уулунун жаза мөөнөтү 2018-жылдын 15-февралынан тарта эсептелинет. Ошондой эле бул чечим акыркы", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Ал эми Дамирбек Асылбек уулу менен кошо соттолгон эки кыргыз жараны дагы экстрадицияланган. Алар дагы СИЗО-1де.
Дамирбек Асылбек уулу өлкөгө 18-ноябрда экстрадицияланган. Учурда ал СИЗО-1де.
24-апрелде Алматы шаардык соту Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Аны “улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана жетектөө”, “экономикалык контрабанда” беренелери боюнча кылмыштарга күнөөлүү деп табышкан. Экс-депутаттын жактоочулары сотту кайра кароого өтүнүч жиберишкен.