Төрага Дастан Жумабеков: "Жергиликтүү кеңештин депутаттарына жогорку билимдин кереги жок"

"Кыргыз өлкөсүндө жергиликтүү кеңештин депутатына шайлангандарга жогорку билимдин кереги жок". Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда төрага Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жогорку билим боюнча чек коюлса, айылда тың чыккан фермерлердин же коомдук ишмерлердин жана башка жарандардын укуктарын чектеп койгондой болуп калат.

"Жергиликтүү кеңешке мектеп директорлору, врачтар гана шайланып калат. Ал эми фермерлер, трактористтер жана башка активисттер шайлана албай калат. Мындай адамдар билими жок эле, айылына жардам берип, көйгөйлүү маселелерди чечип келери маалым. Мындай учурда мүмкүнчүлүктү баардыгына бирдей түзүп бериш керек" , - деди ал.

Төрага Дастан Жумабеков: "Жергиликтүү кеңештин депутаттарына жогорку билимдин кереги жок"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан