Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы мушташтын катышуучулары аныкталды

Милиция кызматкерлери Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы эс алуу жайларынын биринин алдында мушташкан балдардын аты-жөнүн бир сутка ичинде тактады. Свердлов РИИБинин кызматкерлери мушташтын катышуучусу делинген 8 адамды тергөө кызматына алып келгенин Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Алар:

1997-жылы туулган У. К. Нарын облусунун тургуну;

1998-жылы туулган Ж. Б. Нарын облусунун тургуну;

2000-жылы туулган Н. Р. Жалал-Абад облусунун тургуну;

2001-жылы туулган А. Б. Бишкек шаарынын тургуну;

2001-жылы туулган Б. Б. Бишкек шаарынын тургуну;

2001-жылы туулган Р. Н. Жалал-Абад облусунун тургуну;

2001-жылы туулган Э. Н. Жалал-Абад облусунун тургуну;

2001-жылы туулган Т. А. Жалал-Абад облусунун тургуну.

Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери улантылууда.

Мушташ 19-ноябрга караган түнү патрулдук милицияга балдардын мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. 23 жаштагы К.И. аттуу жаран жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан