Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы эс алуу жайларынын биринин алдында балдардын мушташы орун алды

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы эс алуу жайларынын биринин алдында балдардын мушташы орун алды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-ноябрга караган түнү патрулдук милицияга балдардын мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган кызматкерлер эч кимди тапкан эмес. Бирок жакын жайгашкан үйлөрдүн жанынан 23 жаштагы К.И. аттуу жарандын жаракат алып жатканын көрүшкөн.

"Жаракат алган жаран Улуттук госпиталга жеткирилген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда милиция кызматкерлери мушташка катышкан жарандарды издөө иштерин жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jaznura
2019-11-20 09:47:59
Мындай бээ баш чоң муштумдарды жакшылап сазайын берип тарбиялап коюу кажет. Укуктук баа берүү керек мындай окуяларга.
+2
Saiit
2019-11-20 12:04:55
Законду ото кучотуу керек бизге демократия кереги жок!! Демократия бизди талкалады адады сыйлоо урматоо деген калбады карыныда жаштыда уруп тебелеп кетип жатат!! Булардын кулагына мыкты кагып плошотко койуп койуу керек!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан