Вице-премьер-министр экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынына катышты

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Москва шаарында өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңештин жыйынынын күн тартибине ички рыноктун иштөөсү, миграция, бажылык жөнгө салуу, техникалык жөндөө, баа түзүү, өнөр жай, соода тармагында жана өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча кызматташуу, санариптештирүү, эл аралык ишмердүүлүк, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтер боюнча маселелердин кеңири курамы киргизилген.

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир нече документ кабыл алынды, анын ичинде:

  • Атыр жана жыпар жыттуу сууларга, шиналарга жана пневматикалык резина дөңгөлөктөргө, фотокамераларга, фото жарыктарга жана жарык шамдарга, жеңил өнөр жай продукцияларынын айрым позицияларына идентификациялоо каражаттары аркылуу милдеттүү түрдө маркалоо киргизүү жөнүндө;
  • Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентинин талаптарына жооп бербеген продукциялар тууралуу маалымдоо тутумун түзүү боюнча пилоттук долбоорду мындан ары карай ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө;
  • Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентинин иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасы үчүн жарандар аркылуу жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына карата бажы алымдарынын коюмунун мөөнөтүн узартуу демилгесин кароонун жыйынтыгы боюнча бул маселени кеңештин мүчөлөрү колдогон жок.

Жыйындын соңунда Кеңештин мүчөлөрү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында өтө турган жыйынынын күн тартибин жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан