"Мен кыргызча үйрөнөм, кыргызча ырдайм". Кыргыз тилинде кыйналып сүйлөгөн депутат айым ага карата айтылган сындарга жооп кайтарды

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева социалдык тармактарда "кыргыз тилинде текстти араң окуду" деп өзүнө карата айтылган сындарга жооп кайтарды.

"Менин кечээки докладым кызыктай ой-пикирлерди калтырыптыр. Айрымдар менин улутума асылыптыр, мен "р" тамгасын жакшы айта албаганыма, кыргызча жакшы сүйлөй албаганыма басым жасашыптыр.

Кыргыз тилин үйрөнүү бир да мугалимден же китептен көз каранды эмес, көйгөй биринчи кезекте өзүбүздө. Чынында, бүгүнкү күндө көпчүлүк мамлекеттик тилде сүйлөбөйт. Орус мектепти аяктагандар бүгүнкү күндө анын натыйжасын көрүүдө.

Бирөө туура эмес сүйлөсө аны оңдогонго аракет кылгыла, колдоп койгула. Ар кимдин шылдыңдаганына көңүл бурбастан, кыргыз тилин үйрөнө бергиле. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуй бергиле, кыргыз тойлорун жана эң негизгиси кыргыз тилин сүйө бергиле.

Мага ал комментарийлерди окуу жагымсыз болду. Бирок мен кыргыз тилин үйрөнүүнү улантам, кыргызча сүйлөп, кыргызча ырдайм. Мага жардам бересиздер деп ишенем. Мени колдогондорго ыраазычылык билдирем", - деди депутат.

Буга төрага Дастан Жумабеков: "Анда эч кандай уят нерсе жок, сиз кечээ кыргызча жакшы доклад жасадыңыз. Көрө албагандар ошентип айта берет. Көңүл бурбаңыз", - деди.

Айта кетсек, кечээ, 20-ноябрда Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун кароо учурунда Гүлшат Асылбаеванын кыргызча сүйлөгөн сөзү кызуу талкууга алынган. Социалдык тармактын колдонуучуларынын басымдуу бөлүгү "уят" деген терс сын-пикирлерин калтырышкан.

Кыргыз тилинде кыйналып сүйлөгөн депутат айым социалдык тармактарда катуу сынга алынды
Депутат айымдын “мени сындашты” дегенине төрага: “Көрө албагандар айта берет"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан