Депутат Жанар Акаев УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен 200 миң доллар жоголду деген маалымат боюнча маселе көтөрдү

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен 200 миң доллар жоголду деген маалымат боюнча маселе көтөрдү.

"УКМКны каралоо максатында эмес, алардын кадыр-баркын сактап калуу масатында оюмду айтайын деп жатам. Прокурор Улан Чалбаев кабинетинен 200 миң доллар пара алууга шектелип кармалды. УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен 200 миң доллар жоголуптур деп коомчулукта сенсация болуп жатат. Акча жоголгон болсо, Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, иш алып барыш керек. Акча уурдалбаса маалымат каражаттарына УКМК акчаны көрсөтүшү керек. Антпесе коомчулукта ишенбестик жаралат", - дейт Жанар Акаев.

"Взятканын өзүн взяточниктер уурдап кетүү - бул Кыргыз өлкөсүндө гана болушу мүмкүн"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан