Депутат Аалы Карашев аймактарга инвестиция тартуу боюнча маселеге өкмөт көңүл бурушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Президент экинчи жыл катары менен "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялады. 6 айдын жыйынтыгы менен түз инвестициянын келиши аймактар боюнча, Ош облусуна 174 миң доллар, Талас облусуна 28 миң 500 доллар, Нарын облусуна 98 миң доллар инвестиция келиптир. Инвестициянын чыгып кетиши Ош облусунда 6 миллион 600 миң доллар, Талас 3 миллион 500 миң доллар, Нарын 1 миллион доллар болуп жатат. Бул боюнча өкмөт катуу көңүл бурушу керек. Өкмөт максаттуу жумуш алып барбаса, мамлекет башчынын тапшырмасы аткарылбай калат", - деди Аалы Карашев.