"Инвестиция тартууда өкмөттүн, министрликтердин ишинде баш аламандык бардай көрүнөт" деп бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Казакбаев билдирди.
"Жогорку Кеңештин комитеттеринде элчиликтерди, консулдарды инвестиция тартууну туура колдонуу боюнча кайрылып келе жатабыз. Аларга маалыматтарды бериш керек. Март айында президент бүтүндөй элчилерди Кыргыз мамлекетине чакырып, жолуккан. Президент бардык өкмөт мүчөлөрү элчиликтерди болгон маалымат менен камсыздагыла деп тапшырма берген. Элчиликтерге долбоорлор жетпей калып жатат.
Чет элдик сүйлөшүүдө кыргыздын кызыкчылыгын коргогон оңой эмес. Сүйлөшүүгө жакшы кадрларды жибериш керек. Кечээ Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынына вице-премьер-министр, экономика министринин орун басарын көрдүк. Анда алар 3 маселе көтөрүштү. Кыргыз мамлекети койгон эки маселени кийинкиге жылдырып, бирөөсүн өткөрбөй коюшту. Даярдык жакшы болбой калган", - дейт Казакбаев.