Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов ун менен көмүрдүн баасы кескин көтөрүлүп жатканын айтып, өкмөт абалды көзөмөлгө алышы керектигин билдирди.
"Өткөндө өкмөт азык-түлүк менен отун кескин кымбаттабайт деген эле, тилекке каршы, азыр ун менен көмүрдүн баасы кескин көтөрүлүп кетти. Өкмөт, анын атайын органдары мындай абалды көз жаздымда калтырбай, бул багытта тийиштүү чараларды көрүшү керек. Кыш келди, көмүрдүн баасы азыртан эле 5000-6800 сомго чыгып кетти. Баа баардык аймактарда көтөрүлүүдө. Балким көмүрдүн баасын ортомчулар көбөйтүп жатат. Көзөмөлдү күчөтүү зарыл", - деди депутат.