Былтыр Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жалпы кирешеси 14 миллиард 818 миллион сомду түздү

Бүгүн, 19-ноябрда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту каралды.

Маалыматка ылайык, фонддун кирешеси 14 миллиард 776 миллион сомду түздү, ал эми чыгашалар боюнча 14 миллиард 209 миллион сом болгон.

Фонддун башчысы Элнура Боромбаева бюджеттин 69 пайыз каражаты республикалык бюджеттен түшө турганын айтты. Ал эми Социалдык фонд ММК фондунун бюджетине 2 миллиард 328 миллион сом берген. Эл аралык каржы донорлорунун каражаттары да тартылат.

Эсептөө палатасынын өкүлүнүн айтымында, текшерүү жүрүшүндө ММК фондунун бюджетинен 25 миллион сом максатсыз пайдаланылганы аныкталды. Ал каражаттын 14 миллион сомун негизсиз төлөнгөн эмгек акылар түзөт.

Айрым депутаттар бюджет 98,2 пайызга аткарылганын, мындайча айтканда, 400 миллион сомго аткарылбай калганын, Эсептөө палатасынын текшерүү жыйынтыгы менен бир катар каржы тартибин бузуу фактылары аныкталганын, өкмөткө ал мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча сунуштар берилгенин эске салып, көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берүүгө тийиш экенин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан