Бүгүн, 21-ноябрда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйында Кыргыз өлкөсүндө уюшкан кылмыштуу топ жок экенин айтты. Ал бүгүнкү күндө ИИМ уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн эсебин жүргүзө турганын белгиледи. Бирок бул сандар ички иликтөө үчүн гана колдонула турганын кошумчалады. Министрдин бул сөзү коомчулукта талкууга түштү.
Мындан улам SUPER.KG порталы "ИИМ өлкөдө уюшкан кылмыштуу топ жок деди. Ишенесизби?" деген собол салды.
УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов уюшкан кылмыштуулук жок болсо ИИМдин эмне кереги бар дейт. “Министрдин орун басары уюшкан кылмыштуу топ жок деп жооп берип жатса, анда ал ИИМде иштебей калган го. Эгер анын жообуна ишене турган болсок, рекетчилик жок экен, базарларда акча чогултулбай жатыптыр, андай болсо мал уурдагандардын акчасы кайсыл жакка кетип жатыптыр? Министрдин орун басары жок десе эле кылмыштуулук жок болуп калат экенби? Андай болсо бизге ИИМдин эмне кереги бар деген суроо туулат. Адамдарды өлтүрүп жатат, аларды кылмышкерлер өлтүрбөгөндө кимдер кылып жатат? Бул жоопко ишене турган болсок бул ИИМ жок дегенге барабар. Уюшулган кылмыштуу топтор бар болгону үчүн биз ИИМди кармап отурабыз”, - деди Мамытканов.