Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия чыгарган бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирет.
Документке комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшкан. Комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектеген.
29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Райымкулов комиссиянын төрагасынын орун басары болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.