Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы алдыда пайыздык коюмду төмөндөтүү маселеси турганын айтты

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын каржы булагы 4 миллиард 2 миллион сом өлчөмүндөгү бюджет каражаты болуп саналат. Бул тууралуу аталган компаниянын төрайымы Элмира Абжапаров бүгүн, 22-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, каржылоо үчүн 8 миллиард сом керектелет. "Учурда донорлор менен иштешүүгө басым жасап жатабыз. Биз Евразиялык өнүктүрүү банкына жана Азиялык өнүктүрүү банкына иштешүү үчүн кайрылдык. Алдыда пайыздык коюмду төмөндөтүү тапшырмалары турат", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан