Депутат Мамлекеттик ипотекалык компаниясы электрондук кезек системин уюштуруу керектигин айтты

Депутат Эмил Токтошев Мамлекеттик ипотекалык компаниясы электрондук кезек системин уюштуруу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-ноябрда "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.

"Мамлекеттик ипотекалык компанияда ачык-айкындык начар. Электрондук кезек жок. Жарандар кезекти өздөрү көзөмөлдөшү керек. Турак жай менен камсыз болуу үчүн кандай документтер керектелет?" - деп сурады депутат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова электрондук кезек январь айында ишке аша турганын айтты. "Ал эми компанияга кайрылуу үчүн паспорт, кирешеси, үй-бүлөсү тууралуу иш кагаздары керектелет. Суроо жаралганда дагы кошумча документ суралып калышы мүмкүн", - дейт Абжапарова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан