Бешинчи канал VS "Азаттык". 2-раунд. Эрнис Кыязов: "Азаттыктын" деңгээли Райым Матраимовдон көтөрүлө албай койду"

Эрнис Кыязов "Азаттыктын" чуулгандуу иликтөөсүнө карата жообун жарыялады. Ал эки бөлүктөн турган автордук долбоорун Youtube каналына жүктөгөн.

"..."Азаттыктын” өзүндөгү эл билбеген, билсе да “...башыма балээ үйбөйүн...” деп көбү кол шилтеген көмүскө чындыктардын айтылышы Кыргыз өлкөсүндөгү демократиянын келечеги үчүн өтө (!!!) маанилүү. Мен жетекчилик кылган Бешинчи каналдагы экс-азаттыкчыларга да тартпай, учурдагы “Азаттыкта” иштеп жаткан азаттыкчы дос-тааныштарыма да тартпай, орток, калыс пикир айтууга аракет кылдым. Андагы айтылган көз караштар менин жеке субъективдүү көз карашым, ал бүтүндөй Бешинчи каналдын позициясын туюнтпайт", - деп жазган ал өзүнүн Фейсбук баракчасына.

"Бүгүнкү күндө "Азаттыктын" деңгээли Райым Матраимовдон көтөрүлө албай койду. Азыркы учурда тигил же бул тармактагы кемчиликтерди айтып келе жатасыңар. Бирок негедир "Азаттыктын" өзүндөгү жетекчиликтин өзүмчүлдүк жоруктарын ооз ачкандан коркосуңар же чочулайсыңар. Эл таянган, жөлөнгөн "Азаттык" баштапкы калыстыктан тайып, тигил же бул тараптардын кызыкчылыктарын айткысы келгенде айтып, айткысы келбегенде айтпай деле коюп, майда саясий, бизнес оюндарга малынып, "Азаттык" деген бренд көп учурда булганып калып жатат. Кезинде Жанар Акаев Бауткаевдин өлкөдөн чыгып кеткени боюнча иликтөө жасаганда учу Атамбаевге такалып, чоң суроо бойдон калган. Анчалык өрт экенсиңер, Жанар Акаевдин иликтөөсүн ара-жолдо калтырбай, ошону иликтебейсиңерби? Дача-Судагы учак боюнча Токтакуновго Текебаев Атамбаевден шектенип жатканын да айтып берген. Райым-миллион өлкөдөн 700 миллион доллар алып чыгып кеткен деп майдаланбай, Боинг акча ташыган учак Атамбаевге тиешеси барбы? Ошону иликтебейсиңерби? Идеал-Хаус коттедждериндеги иликтөөдө Сапар Исаковдун тууганы Капар Исаковдун тиешеси бар иликтөөнүн аягына чыкпайсыңарбы? Экс-мэрлер Ибраимов менен Кулматов боюнча да "Азаттык" ак же көк дебейт", - деген пикирин айткан Эрнис Кыязов.

21-ноябрда "Азаттыктын" журналисти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" аттуу резонанс жараткан иликтөөсүнүн уландысын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан