Анкарада Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өттү

Анкара шаарында (Түркия) Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк комиссиясынын тең төрагалары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай болуп саналат. Жыйындын жыйынтыгы боюнча, комиссиянын жыйынынын протоколуна жана экономикалык кызматташуу боюнча иш-аракеттер планына кол коюлду. Ал соода, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана ветеринария чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүгө багытталган 76 пункттан турат. Түрк тарабы менен кошумча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, бажы өткөрмө жайларын модернизациялоо, Кыргыз Республикасында ДНКнын толук геномдук анализи, ошондой эле трансплантология үчүн зарыл болгон HLA, Cross Match жана PRA ткандык шайкеш келүүсү боюнча лаборатория ачуу боюнча маанилүү пункттар киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар 2020-жылдын жайында Ысык-Көлдүн жээгинде чоң кыргыз-түрк бизнес-форумун уюштуруу планын белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан