"Менин журналисттерге маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгүм жок". Фарид Ниязовдун атынан деп тараган билдирүүгө улай дагы бир маалымат тарады

"Азаттыктын" иликтөөсүндө Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын аты аталып, анын Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү аземде отурган сүрөтү тараган. Андан кийин ал сүрөт боюнча президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратып, президенттин кызматка киришүү аземине конокторду чакыруу Алмазбек Атамбаевдин командасы тарабынан уюштурулганын билдирген.

Кийин КСДП партиясы азыр камакта отурган өкүлү Фарид Ниязовдун ачык кайрылуусу деген билдирүүнү таратты. Анда Хабибулла Абдукадырды Сооронбай Жээнбеков жакын адамы катары өзү чакыртканы белгиленген. Бирок көп өтпөй социалдык тармактарга Фарид Ниязовдун каты деген сүрөт тарап жатат. Анда "Менин журналисттерге жолугуп, маалымат берүүгө мүмкүнчүлүгүм жок. Хабибулла Абдукадыр деген адам тууралуу эч кандай маалымат берген эмесмин", - деп жазылат.

Азырынча бул маалыматты КСДПнын өкүлдөрү тастыктай да, четке кага да элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан