Түштүк Кореядан келген адамдар "Тез жардам", өрт өчүрүүчү унааларды бекер беребиз десе, өкмөт 1 меморандумга кол койбой, алар кетип калды. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Марлен Маматалиев билдирди.
"Түштүк Кореядан атайын келген адамдар “Тез жардам” жана өрт өчүрүүчү унааларды берели деп 1 жума жүрүштү. Алар болгону бир меморандумга кол коюп бергиле деп өтүнүшкөн. Бишкекте 1 апта жүрүп, Жогорку Кеңешке чейин келип, кайра кетип калышты. “Алып келебиз” деп жатса, ошол бекер нерсени алып кала алган жокпуз. Меморандумга кол коюлбагандыктан алар кетип калышты.
Алтынай Сейитбековна, (вице-премьер-министр) өкмөттө ушундай нерселердин жол-жобосун жеңилдетүү керек, буга көңүл буруңуздар. Бекер берип жаткан нерсенин ала алган жокпуз”, - деди Маматалиев.