"2016-жылы кургак учукту дарылоочу оорукананы куруу үчүн 5 миллион евро бөлүнгөн, анын тагдыры эмне болду, жыйынтык кана?", - деп бүгүн, 25-ноябрда Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда депутат Таалайбек Масабиров билдирди.
"2016-жылы Бишкекте кургак учук ооруканасын куруу үчүн грант келген. 2019-жыл аяктап бара жатат, жыйынтык жок. Бул оорукананы куруу үчүн 5 миллион евро бөлүнгөн, биздин курска которгондо 385 миллион сом болсо керек. Андан бери үчүнчү жыл өтүп, тагыраагы аяктап калды бул боюнча эмне болуп жатат?
Берилип жаткан гранттарга өзүбүз курбайбыз же фонддор берип жаткан акчаны да туура иштете албайбыз. Менин билишимче ал жакта тендер болуп, ал тендер да бузуулар менен өткөн", - деди депутат.
Буга саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев: "Курулуш иштери менен жабдууларын кошкондо жалпы суммасы 6 миллион евронун тегереги болчу, учурда 1-2 маселеси калган, ошолор аягына чыкса анан баштайбыз", - деди.