Депутат Кожомкул баатыр жөнүндөгү тарыхый тасма эмне себептен тартылбай калганына кызыкты

Эмне себептен Кожомкул баатыр жөнүндөгү тасма тартылбай калды? деп бүгүн, 25-ноябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исмаилова суроо салды.

"Кожомкул баатыр жөнүндөгү тарыхый тасма тууралуу өкмөттүн өкүлүнө суроо бергим келип жатат. Документтерде 2017-жылы эксперттик комиссиянын корутундусу аткарылган жок деп жазылып турат. Эмне себептен аткарылган жок?", - деди депутат.

Буга өкмөттүн өкүлү: "Биринчи сценарий көлөмү жактан чоң болуп калган. Болот Шамшиев тарткан 4 серия узак болуп калды. Ал жерде Кожомкул жөнүндө гана эмес, анын аталары тууралуу да сценарий жазылып калган. 4 серия үчүн 280 миллион сом керектелген. Эксперттик комиссия "биз Кожомкул жөнүндө тартмакпыз, анын аталары жөнүндө эмес" деген жооп кайтарышкан. Ушул күнгө чейин Кожомкул баатыр жөнүндө сценарий келип түшө элек", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан