Өткөн аптада "Азаттык" "Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун изи" деген иликтөөсүнүн уландысын жарыялаган. Макаладан улам социалдык тармактын колдонуучулары талаш-тартыш жараткан талкуу жүргүзүп, алардын арасында Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калды дегендер да бар.
SUPER.KG порталы "Кыргыз мамлекети АКШ, Кытай, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн кызыкчылыктарынын кагылыш очогунда калдыбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбековдун айтымында, Кыргыз мамлекети кандайдыр бир өлкөлөрдүн кызыкчылыгынын кагылышынын ортосунда калган жок. "Кыргыз мамлекети Кытай, АКШ, Орусия өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарынын ортосунда калды деп айта албайм. Кыргыз өлкөсү бүгүнкү күндө эки көз караштын кызыкчылыктарынын ортосунда калып калды. Биринчиси, Кытай менен Орусиянын авторитардык жана бир адамдын бийлигин сактап калуу көз карашы. Экинчиси, адилеттүү, ачык-айкын, демократиялык башкарууну киргизүүгө аракет кылган идеологияны орноткусу келген көз караш. Ушул эки көз караш кагылышып жатат. Эгер биз Кыргыз мамлекетинде адилеттүү башкаруу, адилеттүү сот курабыз десек, сөзсүз түрдө демократиялык, ачык башкарууну тандашыбыз керек. Бизге андай мамлекет кереги жок десек, анда авторитардык көз караштагы Орусия, Кытай каалаган башкарууну калтыра берсек болот", - дейт Равшан Жээнбеков.