"Маанилүү мыйзам долбоорун кароодо жетекчилердин бирөө келип түшүндүрүшү керек, бирок статс-катчы эмес", - деп бүгүн, 26-ноябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди.
Комитет жыйынында "Сот арачылар сотун киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралды.
Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин статс-катчысы мыйзам долбоору боюнча маалымат берди.
"Бизде сот реформасын караган атайын кеңеш бар. Ал кеңеш чечпесе, биз кантип чечебиз? Ал жакта Исабаев, Сабиров, Калиев, Жамшитов, Жээнбаева, Жаманкулов, Керезбеков жана башкалар бар экен. Алгач алар жылдырабыз же жок деп чечиши керек. Алар чече электе статс-катчынын маалыматы менен алардын башын аттап чечип коё бересиңерби?
Сотто жалгыз төрагалык кылып отурган сот эч нерсе чече албай калат. Мыйзам боюнча 9 сот арачы турат, алардын пикири менен анан чечим чыгат. Бул маселе жыйында каралды беле?", - деди депутат.
Буга Юстиция министри Марат Жаманкулов: "Жыйын болгон, тиешелүү документтер өкмөттүн апаратында бар, ошону берели”, - деди.
"Муну жетекчилердин бирөө келип түшүндүрүшү керек. Бирок статс-катчы эмес. Бул чечимди кабыл алуу менен көп нерсе өзгөрөт. Мен январь айында эле “колуңардан келбейт” дегем. Ошондо пилоттук долбоор ишке ашат, ал Бишкекте жана Ошто иштей баштайт деп айтылган. Анан кимге ишенебиз?", - деп кошумчалады депутат