Комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков: "Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынтыгы жаңы жылга чейин парламентте каралып, чечимдердин бардыгы аткарылып калса деген ойдобуз". КҮНСОБОЛ

29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков комиссиянын төрагасы болгон. Ал эми комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кирген.

4-ноябрда комиссия ишин жыйынтыктаганы маалым болгон. Бирок түркүн шылтоолордон улам өткөн аптада гана өкмөттүн басма сөз кызматы аталган комиссия чыгарган бүтүмү Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине дагы деле түшө электиги белгилүү болду.

SUPER.KG порталы "Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы кечиктирилип жатканынын сыры эмнеде?" деген собол салды.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Артур Медетбеков комиссия ишин жыйынтыктаганын айтты. "Мен комиссиянын жыйынтыгы Жогорку Кеңештин комитетине түшө электигин уга элекмин. Комиссия өз ишин бүтүрүп, ар ким өзүнүн пикирин киргизип, кол коюп жыйынтык комиссиянын башчысы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго берилген. Кой-Таш окуясы боюнча угуулар Жогорку Кеңеште болот деп айтышкан. Эмне үчүн Жогорку Кеңештин комитетине комиссиянын ишинин жыйынтыгы түшө электиги белгисиз. Комиссиянын жыйынтыгы жаңы жылга чейин Жогорку Кеңеште каралып, чечимдердин баары аткарылып калса деген ойдобуз", - дейт Артур Медетбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан