Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялары Эркинбек Мамыровду, Мээргүл Борбукееваны, Мукамбет Касымалиевди кызматынан бошотуу жолу менен ыйгарым укуктарын токтотуу сунушун жактырып, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, алардын 7 жылдык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Конституциялык соттун курамы 11 судьядан турат. Ушу тапта анда кворум жок, 5 вакансиялык кызмат оруну бош турганына байланыштуу азырынча 6 судья гана иштеп жатат.