ТИМ: "Былтыр Түркиянын дин иштери боюнча 8 жараны, агартуу боюнча 57 окутуучу, 4 үй-бүлө мүчөсү виза алган"

Былтыр Түркиянын дин иштери боюнча 8 жараны, агартуу боюнча 57 окутуучу, 4 үй-бүлө мүчөсү виза алган. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Жыйында Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө Макулдашууга Кошумча протокол боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору боюнча маалымат берген Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Умукеев маалымат берди. Анын айтымында, келишимдин кошумча протоколунда Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын жарандарынын эки мамлекеттин аймагында жүрүүсүнүн шарттарын жөнөкөйлөтүү жол-жоболору каралган.

"Эгер Түркиянын ыйгарым укуктуу медициналык мекеме дарылоо 90 күндөн узак болушу мүмкүн экендиги жөнүндө ырастоо берсе, медициналык кызматтарды алуу үчүн келген Кыргыз жарандары менен аларды коштогон адамдар убактылуу жашап туруу уруксатына акы төлөөдөн бошотулушат.

2014-жылдагы саламаттыкты сактоо жана медициналык кызматтар жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында, жыл сайын 100 Кыргыз жаранына түрк ооруканаларында акысыз дарылануу каралган. Ошого байланыштуу убактылуу жашап туруу укугун жол-жоболоштуруу зарыл. Мисалы, 6 айга жашап туруу укугун жол-жоболоштуруунун акысы орто эсеп менен 750 лира же 130 долларды түзөт, ошондой эле камсыздандыруу 150 лира кошумча мамлекеттик алым 600 лира.

Ошондой эле кошумча протокол ар бир тараптын дин жана билим берүү иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан дайындалган кызмат адамдары экинчи тараптын мамлекетинин аймагында айрым бир иштөөгө уруксаттан бошотуу учурлардын тизмесин камсыз кылат.

Тараптар жыл сайын дипломатиялык каналдар аркылуу дайындалган кызмат адамдарынын тизмелери алмашат. Дайындалган кызмат адамдарынын саны ар бир тарап үчүн бир учурда 200 адамдан ашпоого жана календарлык жыл башталганга чейин жок дегенде 3 ай мурда дипломатиялык каналдар аркылуу тараптар алдын ала макулдашууга тийиш. Тараптар кызмат адамдарынын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн тийиштүү визаларды же жашап турууга уруксатты берүүгө көмөк көрсөтүшөт", - деди Умукеев.

2018-жылы Түркиянын Дин иштери боюнча башкармалыгы тарабынан 8 Түрк жараны, Түркиянын Агартуу министрлиги тарабынан 57 түрк окутуучу жана алардын 4 үй-бүлө мүчөсү виза алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан