Бүгүнкү күндө аялынан алимент өндүргөн 142 эркек каттоодо турат. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Сот департаментинин өкүлү Таалайбек Мукалаев билдирди.
Жыйында “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.
Депутат Таалайбек Масабиров: "Азыркы учурда аялдарды эркектер эмес, аялдар күйөөлөрүн таштап кетип жаткан фактылар бар. Алардын саны боюнча маалымат берсеңиздер?", - деди.
Буга сот департаментинин өкүлү: "Аялынан алимент өндүргөн 142 эркек каттоодо турат. Бирок ушул эле учурда кандайдыр бип себептерден улам алимент өндүрүү өтүнүчү менен кайрылбаган жарандар да бар", - дейт.
Ал эми депутат Айнура Осмонова: "Жаңы кабыл алынган кодекстерде алимент төлөбөгөн адамдардын кылмыш жоопкерчилиги түшүп калыптыр. Мыйзам долбоорунун демилгечилери менен өкмөт өкүлдөрү ушул маселеге да көңүл бурсаңыздар", - деди.