"Ак-Кеме" мейманканасынын иши боюнча "Систем Мюхендислик" компаниясына өкмөт 11 миллион 400 миң доллар төлөө боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганы тууралуу билдирүүгө өкмөттүн басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.
Маалыматка ылайык, өкмөт "Ак-Кеме" боюнча кандайдыр бир сотко чейинки өндүрүш иши үчүн мыйзамдуу негиз жок болчу деген билдирүү жалган жана чындыкка дал келбейт. "Алты жылга созулган айтылган соттук териштирүүнүн алкагында, мамлекеттин пайдасына бир беткей чечим кабыл алынган. Күрөө катары камакка алынган "Кыргызалтын" ААКга таандык канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын акциясы "Кыргызалтын" ААКга гана таандык жана Кыргыз Республикасына доосу бар тарап аны конфискация кыла албайт деп 2016-жылдын 29-декабрында Онтарио провинциясынын апелляциялык соту чечим чыгарган.
"Систем Мюхендислик" жана түркиялык "Энтес" компаниясынын апелляциялык арызын канааттандыргандан баш тартуу жөнүндө 2017-жылдын 15-июнунда Канаданын Жогорку Соту акыркы чечимин чыгарган.
Мамлекеттик органдар тарабынан кайсы бир компаниянын эсебине айтылган каражат эч качан которулган эмес. Эл аралык арбитраждын кабыл алынган нормаларына ылайык, каражат "Кыргызалтын" ААКнын Канададагы атайын эскроу-эсебинин депозитине убактылуу салынган, бул соттук териштирүүдөгү шарттардын талабы.
Бул акча каражаттары 2017-жылдын июнь-июль айларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине толугу менен кайтарып берилген.
Биз чагымчыл билдирүүлөр өкмөттүн аракети жөндөмсүз өңдүү жалган ойду коомчулукка таратуу максаты анык болуп калганына өкүнөбүз. Өкмөттүн пайдасына чечилип, укуктук териштирүүлөр толугу менен аяктаганын баса белгилейбиз", - деп жазылат маалыматта.